Үстүбүздөгү жылдын 14-майында Бишкекте кайрымдуулук дипломатиялык жарманке өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасында аккредитацияланган 12 дипломатиялык өкүлчүлүк жана 1 консулдук мекеме катышты.
Жарманкеге келгендер ар кандай товарларды сатып алып, ошондой эле өкүлчүлүктүү чет мамлекеттердин улуттук тамак-аштарынан жана суусундуктарынан даам тата алышты.
Жарманкеден түшкөн каражаттын баары кайрымдуулук иштерине жумшалат.
Белгилей кетсек, жарманке Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулууда.
Иш-чараны КР Тышкы иштер министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясы уюштурууда.