Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу контролдоо боюнча башкармалыгы уруксатсыз орнотулган обьектилерди демонтаждоо иштерин активдүү жүргүзүүдө.

Ахунбаев жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 40 тонналык контейнер демонтаждалды.

Берилген билдирүүлөрдөн кийин  Панфилов көчөсүндө жайгашкан тосмо ээлери тарабынан   өз ыктыяры менен алынды.

Мындан тышкары, Чортеков жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги уруксатсыз орнотулган күркө алынып салынды.

Шаардагы мыйзамсыз  объектилерди аныктоо жана демонтаждоо иштери уланууда.

Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер! Жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону  суранабыз, эгерде мыйзамсыз объектилер аныкталса,   Жер пайдаланууну контролдоо  боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрөт.