Октябрь районунда, атап айтканда, № 4, 5, 11, 12 кичи райондордо жана Асанбай кичирайонунда ирригациялык тармактарды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүп жатат.
Администрациянын, МАБдын, «Бишкек жашыл курулуш» МИсинин техникалык көзөмөлүнөн турган комиссиянын катышуусунда ирригациялык тармактарды реконструкциялоонун жүрүшүнө текшерүү жүргүзүлүп, оңдоону талап кылган пикирлер айтылды.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен кетирилген кемчиликтер боюнча акт түзүлүп, алар жакынкы аралыкта жоюлат.