Борбор калаанын муниципалитетинде мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков менен Шэньчжэнь муниципалдык Эл өкүлдөр Конгрессинин  Туруктуу комитетинин төрагасынын орун басары Чэнь Гуанжун мырзанын жолугушуусу  өттү.

Мирланбек Байгончоков келген конокторду жылуу кабыл алып, кыргыз-кытай мамилеси акыркы жылдары жандана баштаганын белгиледи.

Мэрдин биринчи орун басары Кытай тарап менен эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, муниципалитеттин биргелешип иштөөгө даярдыгын баса белгилеп, ошондой эле жакынкы келечекте Бишкек жана Шэньчжэнь шаарларынын ортосундагы бир тууган шаар мамилелери тереңдейт деген ишенимин билдирди.

Жолугушууда санариптик технологиялар, транспорт, шаар куруу жана шаар турмушунун башка тармактарында биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүндүгү талкууланды.

Чэн Гуанжун мырза жылуу кабыл алуу жана меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, мэрдин орун басарын өз делегациясы менен Шэньчжэнь шаарына келип кетүүгө чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков делегациянын Кыргыз Республикасына болгон иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга ишенимин билдирди.

Белгилей кетсек, 2016-жылдын 24-октябрынан тарта Шэньчжэнь шаары менен бир тууган шаар мамилелери түзүлүп келет.

Маалымат үчүн: Шэньчжэнь - Кытай Эл Республикасынын түштүгүндөгү Гуандун провинциясынын Гонконг менен чектешкен субпровинциалдык шаары. Бүгүнкү күндө Шэньчжэнь Кытайдын эң динамикалуу өнүгүп жаткан шаарларынын бири, өлкөдөгү атаандаштыкка жөндөмдүү төртүнчү шаар, экспорттун көлөмү боюнча Кытай шаарларынын ичинен эң чоңу жана инвестицияларды, жаңы технологияларды жана бизнес маданиятын тартуу үчүн көпүрө катары кызмат кылат.