Борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин пландык жыйыны өттү.

Борбор калаа башчысы мэрия кызматкерлери көйгөйлүү жерлерди аныктап, компетенттүү кызматтар менен биргеликте ыкчам чараларды көрүшү керектигин белгиледи.

«Дайыма профилактикалык иштерди жүргүзүп, көйгөйлүү аймактарды кыдырып, активдүү иш алып баргыла», - деп кошумчалады А.Джунушалиев.

Белгилүү бир күндөрдө жеке унааларды колдонууга чектөө коюу муниципалдык кызматкерлердин коомдук транспорттордогу кемчиликтерди каттап, оң натыйжаларга жетишүүсүнө да байланыштуу экени белгиленди.