«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы бир жылдык гүлдөрдү отургузууну улантууда.
Көп жылдык гүлдөрдөн айырмаланып, бир жылдык гүлдөр көпөлөктөрдү, аарыларды гүлзарга тартып, алда канча укмуштуудай гүлдөшөт. Тез өсүшүнө байланыштуу алар кооздук үчүн колдонулат.
Бир жылдык гүлдөрдүн жалбырагынын ар түрдүүлүгү жана жалбырактарынын укмуштуудай оймо-чиймелери жомоктогу кооздукту эске салып, бир жылдык гүлдөрдү эң адаттан тыш жана жагымдуу гүлгө айлантат.
Жаркыраган тагеталар, агератумдар, сальвиялар жана жөнөкөй цинниялар жаркыраган декоративдик гүлгө окшоп шаардык гүлзарларга олтургузулат.
Бул жылы клумбанын дизайны толугу менен жаңыланат, бир жылдык гүлдөрдүн 30дан ашык түрлөрүнөн турат.
Азыр «Бишкек жашыл курулуш» МИнын жумушчулары жоогазындын баштарын чогултуп, алардын ордуна бир жылдык гүлдөрдү отургузууда.
Жашылдандыруу иштери ар бир райондо улантылууда.