Кооз, көрктүү көчөлөр, сейил бактар, скверлер өзүнөн өзү пайда болбойт. Аларды түзүүнүн алдында көп эмгекти эске алган жана агрономдордон жашылдандыруу тармагында билимдин гана эмес, ирригациялык системаларды компетенттүү жана кесипкөй орнотуу жана сугарууну автоматташтыруу сыяктуу көптөгөн жагдайларды түшүнүү талап кылынат.

Ошентип, «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы борбор калаанын ирригациялык системаларын реконструкциялоону жана Чүй проспектисинин боюндагы жашыл аймактарды жакшыртууну улантууда.

Бүгүнкү күндө бул проспектте бардык эскирген жана жараксыз сугат арыктары алынууда. Арык системасы шаардын инфраструктурасынын ажырагыс бөлүгү болгондуктан, биринчи кезекте ал толугу менен алмаштырылууга тийиш.

Азыркы учурда ишкананын атайын техникасы, кызматкерлердин көзөмөлү жана башкаруусу менен бүтүндөй эскирген системаны бузуп жатат, B2 үлгүсүндөгү арык лотоктору B3 менен алмаштырылат, башкача айтканда, кичинеден чоң жана тереңге чейин.

Ошондой эле, проспектидеги жашыл аянттарга арык суусу жетпеген мезгилде автоматтык сугат системасы орнотулат, аянт скважина аркылуу сугарылат.

Мындан тышкары   куурап калган бак-дарактарды кыйуу, дүмүрлөрдү жулуп салуу иштери жүргүзүлдү. Андан соң ирригациялык системалар орнотулгандан кийин көк майсан себилип, жаңы жашыл көчөттөрдү отургузуу да камсыз кылынат.