Бишкек шаарында “Электр станциялар” ААКтын филиалы – “Бишкекжылуулуктармагынын” адистери Жукеев -Пудовкин көчөсүндөгү магистралдык жылуулук тармагын реконструкциядан өткөрүүдө.
Мындан улам Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Медеров жана Кулатов көчөлөрүнүн ортосундагы тилкесинде унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.
Ага ылайык, Медеров жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде унаалардын кыймылына чектөө киргизилет. Карасаев менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жол кыймылы чектөөсүз жүргүзүлөт.
Учурда асфальтты ачуу иштери жүрүп жатат. Жумушту бир нече подряддык уюм аткарууда.
Реконструкциянын алкагында 700 мм диаметрдеги эскирген түтүктөр 900 мм диаметрдеги жаңы түтүктөргө алмаштырылат. Жалпы узундугу 845 метр.
Жылуулук тармагынын бул бөлүгү 1985-жылы колдонууга берилип, 39 жылдан бери иштеп келген.
Белгилей кетсек, жаңы окуу жылына чейин аяктап жетишүү үчүн жумуштар азыртадан, эртелеп башталды.
Урматтуу шаар тургундары жана айдоочулар! Бишкек шаарынын мэриясы каттамыңызды алдын ала пландап алууну жана коомдук транспортту колдонууну сунуштайт.