Айтакунов Кубанычбек Маратбекович Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясынын башчысы болуп дайындалды.

Бишкек шаарынын Свердлов районунун башчысын дайындоо Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 2  «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгы менен белгиленген мамлекеттик кадр саясатынын алкагында   Бишкек шаарынын мэриясынын ички кадрдык резервинен жүргүзүлдү.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев кол койду.