Борбор калаада таштандыларды белгиленбеген жерге чыгарганы үчүн бир катар чарба субъекттерге айып протоколдору түзүлдү.  Муниципалдык инспекция  тартип бузгандарды жеринде  аныктады.

Чарба субьектинин ээлери "Аламүдүн" базарынын жанындагы "Жибек-Жолу" проспектисинин эл басуучу бөлүгүнө таштандыны үйүп ташташкан.

Тиричилик таштандыларынын арасында медициналык калдыктар да болгон: Колдонулган  шприцтер, бахила жана бир жолу колдонулуучу латекс мээлейлер.

Аталган  медициналык-санитардык таштандыны   таштаган чарба субъекттердин айрымдары күнөөсүн мойнуна алган эмес. Иш административдик комиссиянын кароосуна жөнөтүлгөн.

КРнын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин  115-беренесинин 1 жана 2-бөлүгүн бузгандыгы үчүн ар бир уюмга 23 000 сомдон айып пул салынды.

Салынган айып пулдун жалпы суммасы 69 500 сомду түздү.

Ошентип, төмөндөгү чарба субьектер айып пул алышты:
- "БатФарм" ЖЧКсы;
- "Фен" дүкөнү;
- Гүл дүкөнү;
- Бильярд клубу.
"Тokshop arzan" дүкөнү

Ар бир чарба субъектинин ээлерине жана ижарачыларына тиричилик таштандыларын белгиленбеген жерге ташталышына жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Урматтуу шаардыктар, уюмдар! Тиешелүү аймакта тартипти сактоону,  таштандыны белгиленбеген жерлерге таштабоону суранабыз.