Акыркы учурда жашы жете электердин арасында селсаяктык, кайырчылык кылуу фактылары көбөйүп жаткандыгына байланыштуу шаар мэриясы ата-энелердин көңүлүн балдардын коопсуздугуна буруп, жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузууларга жол берилбестигин маалымдайт.
Мындан тышкары, биз ата-энелерден балдарынын эмне менен алектенип жатканын көзөмөлгө алып, баланын кызыкчылыктарына жана хоббилерине көбүрөөк көңүл бурууну суранабыз.
Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы балдар үйдөн жана мектептен алыс болгон учурда аларга өзгөчө көңүл бурууга чакырат.