Бишкек шаарынын конокторуна таштандыны башаламан ыргыткандыгы үчүн айып пул салынды. Рейд учурунда муниципалдык инспекциянын инспекторлору көрктөндүрүү эрежелерин бузганын аныкташкан. Бул факт Биринчи май районунун Осипенко көчөсү, 2 дарегинде катталды.
Эреже бузгандар катуу тиричилик таштандыларын такталбаган жерге топтогону аныкталды. Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114 жана 115-беренелеринин 1-бөлүгү боюнча 8500 сом айып пул салынды.
Эскерте кетсек, борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, менчигинин түрүнө карабастан күн сайын өз аймагынын тазалыгын камсыз кылуу зарыл.
Урматтуу шаар тургундары жана меймандары! Өтүнүч, таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштабаңыздар жана өрттөбөңүздөр.