Көк-Жар кичи районунда Коңорчок көчөсүндө Ахунбаев көчөсүнөн Куйручук көчөсүнө чейинки жолду жана тротуарды капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Бүгүнкү күндө «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын адистери жолго асфальт-бетон аралашмасын төшөө үчүн жолдун негизин даярдоодо.

Кызматкерлер эски асфальтты сыйрып, жолду түздөп, бордюрларды жана ирригациялык системаны орнотушту.

Учурда жолго шагыл төгүү иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары Октябрь акимиаты жана No6 МТУ тарабынан тротуарды оңдоого тоскоол болгон объектилерди жоюу иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, жакында 21 телефон мамыларынын тирөөчтөрүн жылдыруу боюнча иштер башталат.