2024-жылдын 14-майында Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз сессиясын өткөрүүгө байланыштуу борбор калааны 2025-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы жана 2026-2027-жылдарга болжолу боюнча коомдук угуу 14-майдан 15-майга жылдырылды.
Ошентип, иш-чара 15-майда саат 10:00дө Байтик Баатыр көчөсү, 17 дарегиндеги “Таберик” балдар музыкалык театрынын залында өтөт.
Белгилей кетсек, талкууга муниципалитеттин жетекчилиги, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу түзүмдөр, район жетекчилери, активдүү жарандар, коомдук уюмдардын эксперттери катышат.
Урматтуу жарандар! Кошумча суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: (0312) 66-09-30.
Программалык документтердин мазмуну менен төмөнкү шилтемеден таанышууга болот: https://www.gorkenesh.kg/ru/draft-decisions-mob/5764-ob-utverzhdenii-programmy-sotsialno-ekonomicheskogo-razvitiya-goroda-bishkek-na -2025-god -i-prognoza-na-2026-2027-gody.html