11-майда Лермонтов көчөсү, 1А үйдүн жашоочулары Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин жеке кабыл алуусунда көп кабаттуу үйдү мыйзамдаштыруу боюнча суроолорун айтышкан.

Калаа  башчысы тез арада шаардык кызматтар менен биргеликте чечим кабыл алуу үчүн жерине барды.

Көчмө жыйындын жыйынтыгы менен тиешелүү кызматтарга көп кабаттуу үйдү менчиктештирүү маселесин белгиленген тартипте кароо боюнча тапшырмалар берилди.

Мэрдин тапшырмасына ылайык, жогоруда аталган имараттын маселелери менен атайын түзүлгөн жумушчу топ алектенет.