Патрис Лумумба көчөсүндөгү "Кудайберген" базарынын алдына унааларды башаламан токтоткондорду аныктоо  боюнча рейддик иш-чара өттү.

Ага Биринчи май районунун акиминин орун басары, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын инспекторлору, патрулдук милиция башкармалыгынын өкүлдөрү жана №15 аймактык башкармалыктын кызматкерлери катышты.

Белгилей кетсек, Патрис Лумумба көчөсүнүн боюнда көп сандаган унаалар белгиленбеген жерге, тактап айтканда жашыл аянтка токтотулган.

Ал жерде атайын унааларды тейлөө бекеттери иштейт, анын натыйжасында айдоочулар унааларын  коомдук транспорттун аялдамасына, тротуарларга да калтырышкан.

Рейддин жүрүшүндө унаалардын  ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Тартылган эвакуаторлор көчөдөгү туура эмес токтогон унааларды тазалашты.

Эреже бузгандарга муниципалдык инспекция тарабынан КРнын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 179- беренесинин 2- бөлүгү менен 6 протокол түзүлүп, салынган айыптардын суммасы  33 000 сомду түздү. Эске салсак, унаалардын туура эмес токтотулганына каршы рейддер улантылат.

Урматтуу шаардыктар жана айдоочулар! Эске сала  кетсек, жашыл аянттагы көк майсанды тебелеп, топурагын чыгаруу менен борбор шаарыбыздын көркү бузулуп жатканын эсиңиздерге салабыз. Мыйзам бузгандарга  муниципалдык иснпекциянын инспекторлору Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарына ылайык чара көрүп, айып пул салаарын эскертебиз.