Муниципалдык инспекция Свердлов районундагы Курманжан Датка жана У. Салиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдү текшерди. Текшерүү учурунда санитардык тазалыкты жана тартипти сактоого өзгөчө көңүл бурулду. Рейддин жүрүшүндө көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин жана санитардык нормаларын сактабаганы аныкталган. Анын алкагында Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 110-115-беренелерин негизинде 5 мыйзам  бузуу катталган. Үйдүн жанындагы аймак, жер төлө, гараждар менен арыктардын ортосундагы участоктордо санитардык абал сакталган эмес. Тартип бузгандарга салынган айып пулдун суммасы 75 миң сомду түздү.

Көп батирлүү турак үйлөрдүн короолорун жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери, тазалыгы жана жанаша жайгашкан аймактарынын тартиби ТЭШ көзөмөлүндө болууга тийиш экендигин баса белгилейбиз.

Андан сырткары 60 тан ашык чарба субъектилери текшерилип, тазалыкты бузгандарга 9 протокол түзүлдү.

Жыйынтыгында кечээ күнү Свердлов району боюнча шаар тургундары жана чарба жүргүзүүчү субъекттер тартип бузуп, аларга 152 500 сом айып пул салынган.