Жаз-жай мезгилинин башталышына жана ачык суу объектилериндеги активдүүлүктүн күчөшүнө байланыштуу, өзгөчө жайкы каникул мезгилинде балдарга дайыма көзөмөл жүргүзүү, өзгөчө көңүл буруу, балдарды кароосуз калтырбоо зарыл.

Ата-энелер балдарына коомдо, үйдө жана сыртта, эл көп чогулган жерлерде коопсуз жүрүм-турум эрежелерин дайыма эскертип турушу керек.

Мындан тышкары, жол коопсуздугунун эрежелерин сактоо, ошондой эле өрт жана электр приборлорун колдонууда.  

Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) билим берүү уюмдарынын аймагынан тышкары жана сабактан тышкаркы убакта окуучулардын ден соолугу жана өмүрү үчүн толук жоопкерчилик тарта тургандыктарын эске салабыз.

Урматтуу жарандар! Бишкек шаарынын мэриясы жайкы каникулда балдарыңыздын коопсуздугун камсыздоого чакырат. Балдарды эс алуу жайларында, суу сактагычтардын, көлдөрдүн, каналдардын жана бассейндердин жанында жүргөндө көзөмөлгө алууну суранабыз.