«Тазалык» муниципалдык ишканасына жаңы директор келди
Бүгүн, 2024-жылдын 8-майында мэрдин орун басары Рамиз Алиев «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине жаңы директор Жолдош Чуштуковду тааныштырды.
Тиешелүү чечим Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан кабыл алынды.