Көрктөндүрүү эрежелерин бузган  курулуш компаниялары катталууда. Мыйзамсыз фактылар күнүмдүк рейддердин жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы тарабынан аныкталууда.

Чүй проспектиси, 127/1 дарегиндеги "Престиж Би Центр" ЖЧКсы жолдун тротуар бөлүгүн зыянга учуратты. Атап айтканда тосмону демонтаждоо жана жылдыруу уруксат документтери жок жүргүзүлгөн. Аталган компания КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде 17 000 сом айып пул алган.

"Техник Трейд" ЖЧКсы жолду (асфальтты) зыянга учураткандыгы жана уруксат берүүчү документтери жок жер казгандыгы үчүн КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-беренесинин 1-бөлүгү жана 179-берененин 2-бөлүгү менен компанияга жалпы суммасы 34 000 сом айып салынган.

"Аманат Строй Инвест" курулуш компаниясы дөңгөлөктөрдү жууй турган  пункту болсо да, атайын техниканын дөңгөлөктөрүн жуубай, Ленин районундагы көчөлөрдүн бирин булгаган. Инспекция тарабынан компанияга чара көрүлүп, КРнын

Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177- беренесинин 2- бөлүгү менен   23 000 сом айыпка жыгылган. Компанияга жолду тазалоого 1 күндүк мөөнөт берилген.

"Ак-Өргө" конушундагы"Шер Курулуш" ЖЧКсынын жанаша аймагы санитардык тазалыкка жооп бербегендиги үчүн инспекторлор курулуш компаниясына КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114 жана 115-беренелеринин 1-бөлүгү боюнча эки протокол түзүшкөн.

Ошондой эле "Борсан Констракшн", "Аю Премиум Строй","Делюр” компанияларына КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114 – 115 беренелери боюнча айып протоколу жазылган.

Муниципалдык инспекциянын инспекторлору күн сайын рейд жүргүзүп, көрктөндүрүүнүн эрежелерин бузгандарга карата чара көрөт.