Сугат мезгилинин башталышы менен, борбор калаабызга «Асанбай», «Мураталы», «Лесхозный», «Жогорку Транзит», «Киргизия 1» жана  «Ала-Арча» дарыясынан сугат суу келет. Тек гана ушул булактардан ишкананын гидротехниктери шаардын ичиндеги арыктарга суу айдап жеткизишет.

Бүгүнкү күндө сугат суусу менен Эркиндик бульвары, Ч.Айтматов,Тынчтык проспектилери , Айни, Муромская жана башка көчөлөрү сугарылууда.

Эскерте кетсек сугат мезгилине атайын даярдык көрүү максатында ирригациялык тармактар  2023- жылдын күз мезгилинде тазаланган.

Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясы сиздерден ирригациялык тармактарга таштандыларды ыргытпай, шаарыбызга аяр мамиле жасоого чакырат!