Бишкек шаарынын  мэриясынын муниципалдык инспекциясы мончолорго рейд жүргүзүү учурунда Октябрь районундагы жеке үйлөрдүн биринде тигүү калдыктары өрттөлгөнүн каттаган.

Төкөлдөш кичи районунда Достоевский көчөсү, 22 дарегинде   мыйзамсыз иш аныкталып, мекеме жеке мончо катары иштеп, мешке үй ээси тигүү цехинин калдыктарын пайдаланган.

Бул факты боюнча инспекторлор тарабынан жеке адамга Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 1-беренесинин негизинде протокол түзүлдү.  Айып пулдун көлөмү 7500 сомду түзгөн. Экологияны  бузуучу протоколго макул болуп, аны менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, Төкөлдөш кичи районунда тургундардын көбү тигүү тармагы менен алектенишет. Мындай объекттерден от жагуу үчүн буюмдар алынганы аныкталган.

Жалбырактарды, тигүү калдыктарын, курулуш материалдарын жана синтетикалык заттарды өрттөө Кыргыз Республикасынын административдик мыйзамдарынын ченемдеринин бирин бузуу болуп саналат. Бул шаардын экологиясына да, анын тургундарынын саламаттыгына да терс таасирин тийгизет.

Урматтуу жарандар! Мыйзам бузуучуга КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, айып пул каралганын эскертебиз. Мыйзамсыз өрттөө үчүн айып пул жеке жактарга 7500 сом, юридикалык жактарга 23000 сом болот.