29-апрелде Бишкек шаарынын 146 жылдыгы белгиленет. Бишкектин түптөлгөн күнүнө  арналган майрамдык иш-чаралар борбор калаанын төрт районунда өткөрүлөт.

СВЕРДЛОВ  РАЙОНУ:
2024-жылдын 26-апрелинен 28-апрелине чейин №87 орто мектепте спорттун үч түрү боюнча спорттук иш-чаралар уюштурулат.
2024-жылдын 29-апрелинде "Чыгыш-5" кичирайонунда - Чыгармачыл Арбатта сүрөт көргөзмөсү өтөт. Арбатта сүрөтчүлөр аянты — мольберттерге тартылган сүрөттөр, балдардын кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөсү, мектеп окуучуларынын тарткан сүрөттөрүнүн көргөзмөсү болот.
Ошондой эле “Шаар тургуну менен маек” викторинасы – шаардын тарыхын билүү  боюнча сурамжылоо өткөрүлөт. Суроолорго туура жооп бергендерге таттуу белектер берилет.
Борбор калаанын билим берүү уюмдарында “Бишкек шаарынын күнү” деген темада класстык жана ачык сабактар өткөрүлөт.
Кошумчалай кетсек, шаар күнүнө карата «Красный строитель» жаңы конушундагы футбол аянтчасынын  жана Ак-Бата жаңы конушунда ФАПтын жаңы имаратынын ачылышы болот.

БИРИНЧИ МАЙ РАЙОНУ:
2024-жылдын 25-апрелинен 28-апрелине чейин №101 орто мектепте волейбол, аркан тартыш жана дартс боюнча мелдештер өткөрүлөт.
2024-жылдын 29-апрелинде Т.Усубалиев  атындагы аянтта борбор калаанын мэриясынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл топторунун жана улуттук эстрада жылдыздарынын концерти уюштурулат. Ошондой эле «ВАЛЬС КЕЧЕСИ» фестиваль-конкурсу болот, ал Mezzo Forte оркестринин концерти менен уланат.
29-апрелде №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда медицина кызматкерлеринин катышуусунда флешмоб өтөт.
29-апрелде “Үмүт үйү” карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн социалдык мекеменин жашоочуларынын катышуусунда флешмоб өтөт.
Мындан тышкары райондун билим берүү мекемелеринде “Бишкек сүйүктүү шаарым” деген темада сабактар өткөрүлөт.

ЛЕНИН РАЙОНУ:
25-28-апрель күндөрү №40 жана №95 мектептерде жана Фучик атындагы паркта спорттук иш-чаралар уюштурулат.
2024-жылдын 29-апрелинде №96 мектепте Бишкек шаарынын күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт.
29-апрелде Улуттук филармониянын жанындагы аянтта жана Жаштар аллеясында Балдар чыгармачылык борборунун жана Жаш техниктер станциясынын көргөзмөлөрү уюштурулат.
Ошондой эле, жалпы билим берүү уюмдарында «Бишкек сүйүктүү шаарым», «Бишкек шаарынын тарыхы», «Гүлдөй бер, Бишкеким» деген темаларда сабактар өткөрүлөт.
Кошумчалай кетсек, шаар күнүн майрамдоого жана Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата №58 орто мектепте жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.

ОКТЯБРЬ РАЙОНУ:
27-28-апрель күндөрү №88, №91, №73 мектептерде спорттун төрт түрү: дартс, аркан тартыш, эстафета жана волейбол боюнча мелдештер өтөт.
Райондогу  бардык билим берүү уюмдарында сүрөт сынактары уюштурулат.