Кыргыз Республикасынын Президентинин  «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп- адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында Свердлов районунда мекемелердин ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

МАБ кызматкерлери райондук ИИБ жана мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте "Жибек-Жолу", "Инсар", "Барсхан Ордо" жана "Ак-Тилек" кафелеринин  ээлери менен маек курушту.

Мындай жолугушуулар диний жөрөлгөлөрдү, ырым-жырымдарды жана коомдогу социалдык абалга терс таасирин тийгизүүчү башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулуктун алдын алууга багытталган.

Ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, райондун аймагында 116га жакын эскерүү иш-чаралары жана үй-бүлөлүк салтанаттар өткөрүлүп, анда 3 баш ири жана 11 майда мал союлган.

Белгилей кетсек, бул Жарлыктын максаты Кыргыз Республикасынын жарандарынын социалдык жана экономикалык жашоо деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.