Ленин райондук акимиятында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев менен Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиевдин катышуусунда турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча пландуу жыйын өттү.

Жыйында шаардагы тазалыкты жакшыртуу жана бак-дарактарды өз убагында бутоо маселелери талкууланды.

Муниципалдык аймактык башкармалыгына күнүмдүк текшерүүлөрдү өткөрүү жана жанаша жайгашкан аймактарды тазалоону көзөмөлгө алуу тапшырылды.

Жыйындын жыйынтыгында Ленин райондук социалдык фондуна Новопавлов жана Орок МАБнын пенсионерлеринин документтерин өткөрүү боюнча ишти активдештирүү, ошондой эле «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына жолдорду оңдоо иштерин тездетүү милдеттендирилди.