Бишкек шаарынын мэриясы фонтандарды ишке киргизүүгө даярдык көрүүдө.
2024-жылдын 1-майында борбор калаанын фонтандары ишке кирет.
Белгилей кетсек, фонтан комплекстерин оңдоо иштери кыш бою жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө суу өлчөөчү приборлор орнотулуп, «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери жууп-тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Жалпысынан муниципалдык ишкананын балансында 17 фонтан комплекси бар.