«Тазалык» муниципалдык ишканасы катуу таштанды чыгаруу кызматын көрсөткөн жеке ишканалар менен кызматташуу боюнча тендер жарыялады.

Борбор калаанын калкы жыл сайын көбөйүп, тазалыкты сактоо үчүн кошумча жумушчулар жана атайын техниктер талап кылынууда.

Ошондуктан, «Тазалык» муниципалдык ишканасы бардык кызыкдар жеткирүүчүлөрдү «Кайрадан катуу тиричилик калдыктарын (ТКК) чыгаруу!» кызматын сатып алууга конкурстук арыз берүүгө чакырат.

Толук маалымат tenders.kg сайтында жарыяланган. Кошумча суроолор боюнча байланыш номери: 0990 088 301.