Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен суу ташкынын алдын алуу үчүн «Манка-Жар» коктусунда селден коргоо дамбасын тазалоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келген.

Бүгүнкү күндө үстүнкү сел тосмосун тазалоо иштери аяктап, 1565 м3 топурак чыгарылды.

Ылдыйкы сел тосмосун тазалоо иштери дагы эле уланууда, 3 атайын техника тартылып, болжол менен 1200м3 топурак чыгарылды.

Жакын жайгашкан үйлөрдүн суу каптоосун алдын алуу үчүн шаардык кызматтар тарабынан көлөмдүү иштер аткарылды.

Буга чейин нөшөрлөп жааган жамгырдан улам «Манка-Жар» коктусунда сел дамбасынан суу чыгып, натыйжада Арча-Бешик конушундагы көчөлөрдү жана үйлөрдү суу каптаган.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев суу каптаган жерлерди толук иликтеп чыгып, тургундар менен жолугуп, мындай жагдайлардын кесепеттерин жоюу жана алдын алуу боюнча бир катар тапшырмаларды берген. Көйгөйдү чечүү үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнгөн.