Борбор калаада «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын адистери тарабынан шаардын чет жактарын (Ала-Арча суусу, Аламүдүн суусу, БЧК, Түштүк БЧК) өнүктүрүүнүн эскиздик концепциясы иштелип чыкты.

Шаардын суу жээктери, жарандардын ыңгайлуулугун, жеткиликтүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ландшафттар, архитектуралык-таигый элементтерин жана ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн маанилүү.

Концепцияда Ала-Арча жана Аламүдүн сууларынын жээктери аркылуу Боз-Бөлтөк жана Ала-Арча суу сактагычынын шаар четиндеги ири эс алуу аймактарын бириктирүү каралган.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы дарыялардын жээктерин комплекстүү жакшыртуу уникалдуу рекреациялык аймактарды, ошондой эле санитардык нормаларды жана сууну коргоо талаптарын сактоого шарттарды түзөт.

Түштүк БЧК

Ала-Арча суусу

Аламүдүн суусу

БЧК