"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы шаардык инфраструктураны жакшыртуу боюнча ишин улантууда.

Ишкананын адистери пландуу тазалоо жана сырдоо иштерин жүргүзүп, 84 панелди жана 141 сырткы жарык мамысын номерлешти.

Кызматкерлер көйгөйлүү жерлерди кылдаттык менен тазалап, темир конструкцияларындагы жарнама баракчаларын,   боекторду жана дат белгилерин алып салышты.

Белгилей кетчү нерсе, бул визуалдык тажрыйбаны гана жакшыртпастан, сырткы жарык мамыларынын кызмат мөөнөтүн узартат.

Урматтуу шаар тургундары жана меймандары! Сураныч, муниципалдык мүлккө аяр мамиле жасаңыздар, жарнамаларды көчө жарыктарынын мамыларына  чаптабаңыздар жана шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин сыйлаңыздар.