Борбор калаада Кыргыз Республикасынын дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатынын базасында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында стол үстүндөгү пара тенниси боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги болуп өттү.

Мелдешке Чүй, Нарын жана Баткен облустарынан 31 теннисчи жана Бишкек шаарынан  28 теннисчи катышты.

Чемпионаттын жыйынтыгы боюнча төмөнкү жеңүүчүлөр аныкталды:

Стол тенниси боюнча эркектер:
Байботоев Абдикуттуз – 1-орун;
Төлөбеков Төлөмүш – 2-орун;
Урманбетов Жолдошбек – 3-орун.

Балдар арасында стол тенниси боюнча:
Кожокулов Кудайберген – 1-орун;
Сүйөрбеков Айбек – 2-орун;
Төлөмүшев Айдин – 3-орун.

Сурдо стол тенниси боюнча эркектер арасында:
Исманалиев Мирбек – 1-орун;
Сагынов Айдин – 2-орун;
Ниязов Мухридин – 3-орун.

Сурдо стол тенниси боюнча аялдар арасында:
Урматбек кызы Алина – 1-орун;
Акимова Аделя – 2-орун;
Халилова Орозгуль – 3-орун.

Сурдо стол тенниси боюнча 2010-2015-жылы туулган уландар арасында:
Абдыкадыров Ариет – 1-орун;
Уланбеков Эльдар – 2-орун;
Инкамов Бексултан – 3-орун.

Сурдо стол тенниси боюнча 2010-2015-жылы туулган кыздар арасында:
Сыдыкова Адела – 1-орун;
Увайдуллаева Ангелина – 2-орун;
Исмаилова Айбике – 3-орун.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштер боюнча департаменти   КР майыптар арасындагы стол теннисин ойно федерациясы менен биргеликте уюштурган.