«Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын адистери Октябрь районунда жайгашкан 15 мектептин спорт аянтчаларынын алдын ала долбоорлорун иштеп чыгышты.

Иш борбор калаанын мэриясынын тапшырмасынын алкагында жана Октябрь райондук билим берүү башкармалыгынын билдирүүсүнүн негизинде жүргүзүлдү.

Алсак, алдын ала долбоорго волейбол, баскетбол, футбол аянтчалары, ошондой эле воркаут аянтчалары жана кээ бир мектептерде жабык футбол аянтчалары кирет.

Оюн аянтчалары окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша бөлүнүп, жасалма газон менен жабылат.

Долбоор ошондой эле  фонтандарды, спорт залдарды, кечки жарыктандырууну жана сырткы дааратканаларды камтыйт.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы, КР Улуттук илимдер академиясы жана П.А.Ган атындагы токой илим изилдөө борбору мектептердин айланасын жашылдандырууга уруксат берген. Терек, ак кайың, клен, карагай,  чынар, ясень, липа көчөттөрүн отургузуу аныкталды.

Спорт аянтчаларынын долбоорлору иштелип чыккан мектептердин тизмеси:
- №14 орто мектеп;
- №60 орто мектеп;
- №91 мектеп-гимназиясы;
- №88 К.Бобулов атындагы орто мектеби;
- №79 мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
- №62 мектеп-гимназиясы;
- №3 орто мектеп;
- №56 орто мектеп;
- №64 Бекнур Абдырахманов атындагы мектеп-гимназиясы;
- №17 А.С. Пушкин атындагы мектеп-гимназиясы;
- 6-кичиорайону  4/1 дарегиндеги № 39 мектеби;
- Скрябин көчөсү, 52 -  Матросов көчөсү,  64/1 дарегиндеги  № 37 мектеби;
- №26 мектеп-гимназиясы;
- №63 Ч.Айтматов атындагы мектеп-гимназиясы;
- №71 Тоголок Молдо атындагы мектеп-интернаты.