Борбор калаада ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында парасууда сүзүү боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги болуп өттү.

Мелдешке 40тан ашык спортчу катышты.

Катышуучулар 25, 50,100 метр аралыктарга эркин сууда сүзүү  жана  далы менен сүзүү  ыкмаларында жарышуу болду.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө  боюнча департаментин колдоосу менен  Кыргыз Республикасынын майыптар арасында сууда сүзүү коомдук бирикмеси уюштурган.