Фестивалга Бишкек шаарынын № 5,47,94,162 мектепке чейинки билим берүү уюмдары катышты. Калыстар тобу саламдашуу, миниатюра, "Витаминка", викторина и боорсок-жарыш номинациялары боюнча баалашты. Бала бакчалардын ичинен Ленин районунун №5 бала бакчасы эң мыкты деп аныкталып, комаьютер алууга сертификат утуп алышты. Ошондой эле балдарга оючуктар белек кылынып, балмуздактар таратылды жана бала бакчаларга акчалай сыйлыктар тапшырылды.


«Боорсок» фестивалы Тарых жана маданият жылына арналды.


Ошондой эле байытылган ун тууралуу калкка кеңири маалымат берүү максатында өткөрүлдү.


Фестивалдын жүрүшүндө катышуучулар театралдаштырылган көрсөтүү, табышмак табуу уюштуруп, боорсок бышыруу боюнча конкурс өткөрүштү. Фестивалдын жыйынтыгында майрамдык түшкү тамак уюштурулду.