Учурда соода борборунун жетекчилиги "Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасынын адистери менен бактардын тамырларын бекемдөө ыкмалары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.


Көрктөндүрүү долбоору  боюнча ЦУМдун аймагында түтүктөр, электр чубагылары, бассейн жана сордуруучу станцияларды алмаштыруу боюнча иштер өткөрүлүп  жатат.
Андан кийин оргуманы  жасалгалоо иштери башталып, тосмолор, майда көпүрөлөр, суу ичкенге бара жаткан тулпарлардын түшүрүлгөн элестери орнотулуп жана дагы башка декорация элементтери кошулат.


«Айчүрөк» соода борборунун  жетекчилиги мажүрүм талдар шаар тургундарынын өмүрүнө кооптуулук жараткан учурда гана кыйыларын белгиледи.