Бишкек шаарында № 78 мектеп-гимназиясында Биринчи май райондук жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары арасында "Эр жигит – 2024" спартакиадасы өткөрүлдү.

Спартакиадага райондун 15 жалпы билим берүү уюмдары катышып, жыйынтыгында 1-орунду № 24 мектеп-гимназиясы, 2-орунду  № 78 мектеби жана 3-орунду  № 75 жана № 28 лицейлери ээлешти.

Ошентип, "Эр жигит – 2024" спартакиадасынын шаардык этабына жолдомону Биринчи май районунун № 24 мектеп-гимназиясы алды.

Иш-чара КР Президентинин "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу" Жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулду.