Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев административдик-аймактык реформанын алкагында Орок муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту.

Ага аймактык бөлүмдөрдүн өкүлдөрү катышты.

Район башчысы Мамыралиев атындагы орто мектепте Жал, Сарбан, Кашка-Баш жана Орок айылдарынын тургундары жана Селекционное айылынын жашоочулары менен жолугушту.

Жыйында жерге мунапыс берүү, транспорттук, социалдык, ошондой эле канализацияга кошуу жана калктуу конуштарды газдаштыруу маселелери талкууланды.

Райондун акими тургундардын суроолорун угуп, ар шейшемби күнү саат 14:00дөн 16:00гө чейин Фрунзе көчөсү, 285 дарегинде Новопавловка МАБда  жарандарды жеке кабыл аларын белгиледи. Ошондой эле ар бир бейшемби күнү Ленин райондук акимиатында жарандарды жеке кабыл алуу өткөрөт.