2024-жылдын 23-апрелинде Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө таза суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагына төмөнкүлөр кирет:
- Абаканов көч- Дэн Сяопин пр. – Костанай көч – темир жол линиясы;
- Кустанай көч - Волков көч – Садыгалиев көч, Дэн Сяопин пр.

Саат 9:00дөн 17:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде суу болбойт.

Белгилей кетсек, өчүрүү Киркомстром суу алгыч жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.