Бишкек шаарында 2024-жылдын 6-апрелинен 14-апрелине чейин Ю. Фучик атындагы сейил бактын жана №103 орто мектептин спорт аянтчаларында балдар арасында жазгы спартакиада өттү.
Мелдештер спорттун 7 түрү боюнча (пионербол, кичи футбол, шахмат, ордо, тег-регби, дартс, балдар атлетикасы) 2012-2013-жылдары төрөлгөн балдар арасында өттү. Жалпысынан 268 бала катышты.
Пионербол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү:
1-орун-Свердлов району;
2-орун-Ленин району;
3-орун-Октябрь району;
4-орун-Биринчи май району.
Дартс боюнча:
1-орун-Свердлов району;
2-орун-Биринчи май району;
3-орун-Октябрь району;
4-орун-Ленин району.
Шахмат боюнча:
1 – орун-Ленин району;
2-орун-Октябрь району;
3-орун-Биринчи май району;
4-орун-Свердлов району.
Ордо боюнча:
1-орун-Биринчи май району;
2-орун-Октябрь району;
3-орун-Ленин району;
4-орун-Свердлов району.
Тег-регби боюнча:
1 - орун-Ленин району;
2-орун-Биринчи май району;
3-орун-Свердлов району;
4-орун-Октябрь району.
Балдардын жеңил атлетикасы боюнча:
1 – орун-Ленин району;
2-орун-Свердлов району;
3-орун-Октябрь району;
4-орун-Биринчи май району.
Кичи футбол боюнча:
1-орун-Октябрь району;
2-орун-Свердлов району;
3-орун-Биринчи май району;
4-орун-Ленин району.
Жеңүүчү командалар диплом, медаль жана Кубок менен сыйланды.