"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы борбор калаада жарыктандыруу иштерин улантууда.
Ошентип, шаардын жарыктандыруучулары "Улан" жана "Көк-Жар"кичи райондорунда иштерди жүргүзүштү.
"Улан" кичи районунда № 5,6,7 үйлөрдүн короосуна 50вт кубаттуулуктагы 13 светодиоддук чырак жана 100вт кубаттуулуктагы 12 даана чырак орнотулду. Ошондой эле 300 метр өзүн-өзү колдогон изоляцияланган зым (СИП) тартылды.
Мындан тышкары, "Көк-Жар" кичи районуна кубаттуулугу 100 Вт болгон 5 даана светодиоддук чырак орнотулуп, 200 метр СИП тартылды.
Белгилей кетсек, борбор калаада жарыктандыруу иштери улантылууда.