“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Бишкектин жолдорунун жээгиндеги бетон жана темир тосмолорду тазалоодо.
Бүгүнкү күндө Биринчи май районунда Жибек-Жолу жана Дэн Сяопин проспектилеринин боюндагы 8602 метр тосмо тазаланды.
Свердлов районунда Жибек-Жолу проспектиси боюнча - 2100 метр тосмону тазалоо жүргүзүлдү.
Ленин районунун аймагында Дэн Сяопин проспектиси менен Л.Толстой көчөлөрүндө – 4380 метр, ошондой эле Октябрь районунун 7-апрель көчөсүндө – 468 метр тосмо тазаланды.