Бишкек шаарында бүгүн 24-марттан тарта Шүкүров көчөсүндөгү көпүрөнүн курулуш жумуштары башталды.
Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинен билдиришкендей, көпүрө Чыгыш Чоң Чүй каналынын үстүнө салынып, Медеров көчөсүнө чыгарылат. Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолду кошо эсептегенде анын туурасы 15 метрди түзөт.
Белгилей кетсек, Шүкүров көчөсүндөгү көпүрө Жибек-Жолу проспектиси менен И. Ахунбаев көчөсүн байланыштырууда (Сүйүмбаев жана Кара-Дарыя көчөлөрүн темир жол аркылуу) маанилүү түйүн болуп эсептелет..
Мындан тышкары, борбор калаада Ахунбаев көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисин бириктирген жаңы үч жол пайда болот. Алар 7-апрель, Ж. Абдрахманов жана Ч. Айтматов проспектилерине альтернатива катары долбоорлонду.
Ага ылайык Ю. Фучик, А. Бакаев жана А.Сүйүмбаев көчөлөрүн темир жол аркылуу Л. Толстой көчөсүнө чыгаруу пландалууда. Учурда аталган тилкелерде даярдык жумуштары башталды.
Эскерте кетсек, учурда шаардын түштүк жана түндүк тарабын түз байланыштырган үч чоң трасса бар (7-апрель, Ж. Абдрахманов жана Манас).