Бишкек шаарында “Үмүт үйү” социалдык-стационардык мекемесинде жаз майрамы – Нооруз белгиленди.
Борбордун кызматкерлери камкордукка алынгандардын өздөрүнүн жана жумушчулардын катышуусунда “Кыргыз элинин салттары” аттуу майрамдык сынак уюштурушту.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрү, демөөрчүлөр жана башка коноктор катышты.
Мелдешке камкордукка алынган бардык мекемелер өзгөчө шыктануу менен катышып, берилген тапшырмаларды аткарышты.
Маалымат: Бүгүнкү күндө “Үмүт үйү” социалдык стационардык мекемесинде 210 адам жашайт. Мекеменин бардык тарбиялануучуларына социалдык, медициналык, турмуш-тиричилик кызматтары акысыз көрсөтүлөт. Алар кийим-кече, бут кийим жана биринчи керектуу буюмдар менен толук камсыз кылынган.