Биринчи май районундагы №28 мектеп-лицейинде окуучуларга темир жол транспорту өткөн аймактарда коопсуздук чараларын сактоо боюнча лекция окулду.
Чогулушта коопсуздук техникасы боюнча инженер Н.М.Кожошев темир жолдо сакталууга тийиш болгон коопсуздук эрежелери жөнүндө, инструктор-айдоочу К.К. Байсульдаев темир жол транспортундагы коопсуздукту камсыздоо боюнча тажрыйбасы менен бөлүшсө, линиялык милиция бөлүмүнүн өкүлү К.Соодонбеков өзгөчө кырдаалдарда кандай аракеттерди көрүү керектигин айтып берди.
Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар бардык борбордогу мектептерде балдардын темир жол транспортунда жана анын жолдорунда коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле мектеп окуучуларынын жолдордо жол кыймылынын эрежелерин сактоосун камсыз кылуу максатында өткөрүлүүдө.