Ленин райондук администрациясы кызылча жана кызамык эпидемиясын алдын алуу максатында балдарын кызамыкка каршы эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер менен жолугушууларды өткөрүүнү улантууда.
Жыйынга Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жана үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун өкүлдөрү чакырылган.
Жолугушууда медицина кызматкери чакырылган ата-энелерди оорунун статистикасы менен тааныштырып, балдарды ооруга каршы милдеттүү эмдөө тууралуу маалымат берди.
Белгилей кетсек, жыйындар 600дөн ашык адамдын катышуусун камтыды. Муниципалдык администрация тарабынан эмдөө боюнча түшүндүрүү иштери уланууда.
Маалымат: Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарына ылайык кызамыкка, паротитке жана көк жөтөлгө каршы эмдөө пландуу түрдө эки жолу жүргүзүлөт:
- 1 жашында биринчи эмдөө;
- 6 жашында экинчи эмдөө.
Урматтуу шаардыктар, өзүңөргө жана балдарыңарга кам көргүлө!