Муниципалдык инспекция күн сайын көрктөндүрүү эрежелерин сактоо жана таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштоо фактысы боюнча рейддик иш-чараларды күчөтүүдө.
2024-жылдын 11-мартына карата жалпы суммасы 700 000 сомду түзгөн 59 протокол түзүлгөн. Баардык тартип бузгандарга таштандыларды белгиленбеген жерлерге ыргытпоо, автоунааларды жашыл аянтка токтотуу жана Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Борбор калаада мыйзам бузуулардын саны боюнча Биринчи май району алдыда. Жалпысынан 228 миң 500 сомго 17 факты аныкталган.
- Свердлов району – 191 000 сомго 16 мыйзам бузуу.
- Ленин району боюнча 13 протокол түзүлүп, 142 000 сом айып салынган.
-Октябрь району боюнча жалпы суммасы 139 миң сомдук 13 протокол түзүлдү.
Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Көрктөндүрүү эрежелерин бузган бардык фактылар боюнча инспекторлор тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протоколдор түзүлөрүн эскертебиз.