Борбор калаадагы “Газпром балдар үчүн” спорттук-эс алуу комплексинде 14-15-март күндөрү таяк-тартыш боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты өтөт.

Мелдештер эркектер арасында төмөнкү салмак категориялары боюнча өткөрүлөт: 60 кг чейин, 65 кг чейин, 70 кг чейин, 75 кг чейин, 80 кг, 90 кг чейин, 105 кг чейин, 105 кг жогору; аялдар арасында: 55 кг чейин, 65 кг чейин, 75 кг чейин, 85 кг чейин, 85 кг жогору.

Мелдешке 17 жаштан жогорку спортчулар катышат.

Чемпионат таяк-тартышты жайылтуу жана өнүктүрүү, Бишкек шаарынын курама командасын түзүү жана Кыргыз Республикасынын чемпионатына катышуу үчүн эң күчтүү спортчуларды аныктоо максатында өткөрүлүүдө.

Белгилей кетсек, иш-чаранын уюштуруучулары Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы КР таяк-тартыш федерациясы менен биргеликте.