Ленин акимиаты «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери, Бишкек шаардык мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын, ошондой эле укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте райондун аймагында башаламан сооданын алдын алуу жана жоюу боюнча «Ош базары» соода комплексинде иш-чараларды күн сайын улантууда.
Соодагерлер базардан ичинде сатуу пункттары бар экенине карабастан, базардын сыртында башаламан соода кылып келишет.
Рейддин жыйынтыгында көчөдө соода кылууда төмөнкү буюмдар алынды – кол арабалар, кол чатырлар, чатырлар, столдор, отургучтар ж.б буюмдар.
Ошондой эле соодагерлер менен белгиленген базардын чегинен тышкары коммерциялык ишмердүүлүккө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, муниципалдык администрация тарабынан рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Урматтуу ишкерлер жана шаардыктар! Бишкек шаарынын аймагында сооданы уюштуруу эрежелерин сактоону суранабыз.