Бишкек шаарында 2024-жылдын 15-мартынан 17-мартына чейин Масленица майрамына карата иш-чаралар өткөрүлөт.
Алсак, 15-мартта №17 мектеп-гимназиясында, 16-мартта Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунда, 17-мартта Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында, петербургдун «Морошка» чыгармачылык тобунун майрамдык концерттери болот.
Мындан тышкары этнография боюнча лекциялар, декоративдик-прикладдык искусство боюнча мастер-класстар, ошондой эле шаардык спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, иш-чаралар Бишкек менен Санкт-Петербургдун ортосундагы гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында уюштурулган.
Уюштуруучу - Санкт-Петербург шаарынын өкмөтү.
Маалымат: Масленица – көптөгөн каада-салттары бар байыркы славяндардын майрамы, ал кылымдар бою бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет. Орозо алдындагы жумада белгиленет.