Бишкек шаарындагы Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин спорт залында спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча өспүрүмдөр жана жаштар арасында чемпионат өттү.

Ошентип 9-10-март аралыгында өткөн мелдешке 17 жаштан 20 жашка чейинки 150 спортчу катышты.

Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр жана байге ээлери:

53 килограмм салмакта:
1-орун – Аскарбеков Элдар;
2-орун – Райымбеков Арсен;
3-орун – Беккулов Ынтымак;
3-орун – Жумалиев Нурэл.

58 килограмм салмакта:
1-орун – Алиев Ахмед;
2-орун – Чотонов Абдулхамид;
3-орун – Курортбеков Ильхам.

98 килограмм салмакта:
1-орун – Жолдошказиев Эмирхан;
2-орун – Турдалы уулу Эрбол.

Уюштуруучу Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти.